Баткен облусунун Кадамжай райондук кинодерекциясынын «Жаштык» кинотеатрында Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган көркөм тасмалар элге көрсөтүлүүдө.
«Жаштык»кино театрынын жетекчиси Майлихан Курбанкулова, Чыңгыз Айтматовдун эмгегинен тартылган тасмаларга көрүүчүлөр көп, басымдуу бөлүгү мектеп окуучулары экенин айтат.
Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын жаш муундарга кеңири тааныштыруу анын чыгармаларынан жаралган тасмаларын эл арасында көрсөтүү тууралуу район акиминин буйругу чыккан.
Азамат Абсаттаров, атайын кабарчы