Мурдагы күнү Кадамжай районунун акими Акрам Мадумаров Актурпак айыл аймагынын эли менен жолугушту. Алгач аким Дюкер айылында вагондо окуп жаткан окуучулардан кабар алды. Актурпак айыл аймагына караштуу Дюкер айылында мектеп жоктугунан окуучулар кадимки вагондо окушат. Учурда мектеп деп саналган вагондо 28 окуучу 5 жылдан бери билим алышат. Жергиликтүү жашоочулар, мектеп курагындагы көпчүлүк балдар башка айылда туугандарыныкында жашап мектепке барып жатышканын айтышат. Бул вагондо окуучуларга 3 мугалим билим берет. Мугалимдердин жетишсиздигинен орус, англис тили сабактары такыр өтүлбөйт. Суук түшүп, вагон көгүлтүр от менен жылытылып жатат. Жогорку класстар 10 чакырым алыстыкта жайгашкан Бүргөндү айылындагы мектепке барып, окуп келишет.
Сүрөт автордуку
Дюкер айылында 60ка жакын кожолук бар.
Элдик ашар жолу менен курула баштаган мектеп, каражат жоктугунан пайдубалы курулган бойдон турат.
Сүрөт автордуку
Учурда 1-2-класстарга чогуу, 3-4-класстарга чогуу сабак өтүлөт. 5-класстан 8-класска чейинкилерге өз алдынча сабак өтүлөт. Аким Акрам Камбаралиевич, райондук билим берүү бөлүмүнө вагондо билим алып жаткан окуучулар толук китеп менен камсыз болуусун белгилеп, өзү компьютер алып берүүгө убада берди.
Андан кийин райондун акими Дюкерде курулуп жаткан суу каналы менен таанышты. Бүгүнкү күндө 18,5 км лоток орнотулган. 56 даана суу бөлүштүрүүчү курулмалар курулуп, 1100 даана лоток ташылып даярдалган.
Бүргөндү массивиндеги Дюкерде өздөштүрүлүүчү жери 3500 га, өздөштүрүлүүчү жерлерге Бүргөндү магистралдык каналынан суу алуучу дюкер жана ар түрдүү суу курулмаларды куруу каралып, кызуу иш жүрүүдө.
Андан ары жетекчилер Миң-Чынар башталгыч мектебинде эл менен жолугушту. Мында райондогу мекеме-ишканалардын жетекчилери айыл аймагынын элдердин суроолоруна жооп беришти. Эл тарабынан аймактагы кышында газ, жазында суу маселелери негизги көйгөй экени айтылды. Жергиликтүү жашоочулар “өзүбүздүн жер астыбыздагы газ, өзүбүзгө иштебей, өзүбүз муктажбыз” деп, бул маселе бир жактуу чечилиши керектигин баса белгилешти.
Азамат Абсаттаров, атайын кабарчы