МАДАНИЯТ

Өрүк заарлуу баткеним

Баткен жергеси жөнүндө сөз болгондо алгач көзгө бадырайган, ширин даамдуу өрүк эске түшөрү шексиз. Мына ошол өрүк зарлуу Баткен жергеси бүгүн Эгемендүүлүктү 22 жылдыгын майрамдап жаткан кез.

Өткөн өмүр өбөлгөсү эске түшкөндө, алгач Баткен коогалаңы көз алдыңа тартылат. Зардалы, Кыштут, Таен айылдарындагы ааламат күн, Мекен үчүн жан берген жаш жоокерлер…

Бул оор сыноолордо элдин биримдиги, ынтымактуулугу жүрөк жылытып, Ата Мекен алдындагы ар-намысы бийик туу сыңары көтөрүлгөнүн мезгил өзү ырастабадыбы.

Биз сөз кылган ошо Ата Журттун бийик намыстуу уул-кыздары эл керегине жарап, дүйнөнү дүңгүрөткөн намыс- ары менен түбөлүк каларына азыр да чын жүрөгүм менен ишенем. Анткени, алардын артындагы муун аларды эч качан унутушпайт.

Баткен дегенде «Кыргыз жерин» бүт ааламга жаңырткан Саламат Садыкова, анын обонун жазган Апаз Жайнаков, Бабырапшан Тургунбаев, даңазасы таш жарган бедизчи Тургунбай Садыков, акын-жазуучулардан Курбаналы Сабыров, Атакул Жакыпов, Абдилаат Дооров, Айдаралы Жапаров, Нооман Сайдуллаев өңдөнгөндөр эске келет.

Саясатчылардан да кур эмесбиз. Атап айтсак: Искак Разаков, Абсамат Масалиев өңдөнгөндөр биздин жердин кулундары экендигине кантип сыймыктанбай кое аласың.

Улуу жердин кулундары, улуу жерди мекендешет, муну эч ким тана албаса керек. Анткени, атактуу Айгүл тоо, Алтын-Бешик  жергеси не  деген улуу керемет жерлер.  Ал жөнүндө эчен күндөп айтсаң да түгөтө албайсың.

Кыргызда мындай сөз бар эмеспи: «Ар кимдин өз жери, өзүнө ыйык медер» деген. Анын сыңарындай биз жашаган жер мага бейиштин төрүндөй эле сезилет.

Эгемендүүлүктүн желааргысы менен Баткен жергеси, анын ичинде Кызыл-Кыя шаары да өсүп-өнүгүү жолуна түшкөнү кубандырат. Сөзүмдүн соңунда, элимдин амандыгын, бактылуу өмүр сүрүп, бейпилдикте жашоосун тилек    кыларымды билдиргим келди.

Үмүгүлсүн ЫСАКОВА, Кызыл-Кыя шаары
№6-Токтогул Сатылганов атындагы орто мектептин башталгыч класстар мугалими.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы