КООМ

Акрам Мадумаров, Кадамжай районунун акиминин милдетин аткаруучу: “Кызматка келүүнү эмес, татыктуу кетүүнү ойлойм”

Акрамжан Мадумаров_ 2
Баткен дубанынын Кадамжай районундагы жасалып жаткан иштер жана чек ара көйгөйлөрү менен жакындан таанышуу максатында аталган райондун администрациясынын башчысы, акимдин милдетин аткаруучу Акрам Мадумаровду кепке тартып, кенен баарлаштык.
Айтмакчы, сөз баштаардан мурда бир нерсеге токтолуп кетким келет. Акрам мырзага жолугуп, маалымат алуу абдан кыйын болду. 2-3 жолу иш ордуна барып жолуктура албаганымдан “Адаттагы чиновниктер сыяктуу чардап жүрөт го” деп, күдүктөнгөм. Район башчысына жолугуу дем алыш күнүнө туура келип, Алга айылынын жашоочулар менен жолугуп, карапайым элдин ар кандай маселесин чечип жүргөн иш сапарында көрүшүүгө туура келди. Чындыгында эс алуу күнү экенине карабай башкаларчылап, кабак-кашын шылтоо кылбай иштеп жүргөн Акрам мырзанын бул жоругуна калың эл ыраазы болуп, ак батасын берип узатты.
Аны менен бирге Акрам Мадумаров Алга айылынын тургундарынын суроолоруна жооп берип жатып, “Бул кызматка кимдер гана келип кеткен эмес. Бирок, менин негизги максатым – кызматка келүү же аны сактап калуу эмес. Мени түйшөлөткөн нерсе – өз элимдин ишеничин актап, кызматтан татыктуу кетүү. Кадамжай аймагындагы көйгөйлөр мага жат эмес, аны чечүүгө билим-тажырыйбамды, мүмкүнчүлүгүмдү толук жумшоого даярмын”, – деди.
Урматтуу окурман, андыктан Кадамжай районунун акиминин милдетин аткаруучу Акрам Мадумаровдун өз аймагында аткара турган жумуштары жана жүрөк түпкүрүндө түйшөлтүп турган көйгөйлөрү гезит бетине жарыяланат.

«Эл жарчысы» гезити

Бир комментарий

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу
«Жогоруга кайтуу» баскычы