ДЕН СООЛУК, МЕДИЦИНА

Кыш чилдесинде сууда сүзгөн аксакал (фото)

el_kdm_001Кадамжайда 67 жаштагы аксакал кыш чилдеде сууга түшүп, күн сайын эртелеп 3 чакырым чуркап тоого чыгат. Кыш чилдесинде адамдар мештин астында оронуп жатса, биздин каарман Кадамжай шаарындагы Жийделик көлүндө сүзүүнү адатка айланган. Бул аксакал маданият кызматкери Кутбилла Закиряев. Эл оозуна алынган Кутбилла аксакалга жолуксак, чилдеде сууга түшүүнүн сырларын айтып берди.

Сүрөт авторудку
Сүрөт автордуку

                                    Бардык сүрөттөр →

Мен жаштайымдан оор атлетика менен машыгып келем. Күн сайын чуркап, турник ойноп, сууга түшөм. Кудайга шүгүр бир жолу да ооруй элекмин. Суукта сууга түшүү адамдын организмин чыңайт. Мен Кадамжайдын эң тоолуу, суук жери Дугабадагы мөңгүнүн суусуна түшүп жүрөм. Адам суукта сууга түшкөндө өзүн жеңил сезип, ойлорун топтолуп, өзүнчө жыргал пайда болот. Дененин ырахаты бул-ден соолук. Мен жаштарга кайрылаарым. Адамдын дени сак болуу үчүн, спорт менен машыгып, тазалыкты кармап, намаз окуп жүрүү керек. Мен сууга түшүүнү сүйгөндүгүмдөн кызыл деңизге, Байкал көлүндө, Москва дарыясына, Ысык-Көлдө сүзүп көргөм. Сууду өтө сүйөм. Суу бул-адамдын ички дүйнөсүн тазалайт. Адам өзү суудан турат. Сууга жакшы сөз айтып ичсен адам даарыланат. Сууда өзгөчө касиет бар -дейт Кутбилла Зикиряев.

Кутбилла Зикиряев 50 жылдан бери маданият тармагында иштейт.
Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институн бүтүргөн.
Бир канча жогорку сыйлыктарга татыган.
Эл арасында бул аксакалдын өзгөчө орду бар.
Маданият, спорт тармагында жаштарга ар кандай конкурстарды уюштуруп келет.

Азамат Абсаттаров, атайын кабарчы

 

Нравится

«Жогоруга кайтуу» баскычы