СПОРТ

Азия биринчилигинде кыргыз спортчулары байгелүү орундарга жетишишти

25-27-апрель күндөрү Тажикстандын Худжанд шаарында рукопашный бой боюнча өспүрүмдөр арасында Азиянын биринчилиги өткөрүлдү. Ага Афганистан, Иран, Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан өлкөлөрүнөн спортчулар катышкан.
Бул тууралуу Кадамжай райондук дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башычы Абыт Шакиров билдирди.
Анын айтымында. Кыпгызстандын атынан 10 спортчу катышып, 9 у байгелүү орундарга жетишкен. Алардын ичинен 55 кг салмакта беттешкен Садырбеков Урмат 1-орунду ээлеген.
Кыргызстандык спортчулардын тизмеси:
Садырбаев Урмат, 55 кг. 1-орун.
Жанбаев Алай. 70 кг. 2-орун.
Курманбек уулу Урматбек 60 кг. 2-орун.
Мадмаров Элдияр 80 кг 2-орун.
Жаныбекова Айсалкын 50 кг. 2-орун.
Алимбекова Назира 55 кг.2-орун.
Амангелди уулу Адылбек. 50 кг 3-орун.
Каныбек уулу Арген 65 кг. 3-орун.
Абубакиров Айдар 80 кг. 3-орун.

Азамат Абсаттаров, атайын кабарчы

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

«Жогоруга кайтуу» баскычы