Кадамжай шаарынын мэри элге отчет берди

el_kdm_001Кадамжай шаарынын мэри бир жылдык аткарылган иштер тууралуу шаар тургундарына отчет берүүдө.
Жыйынга депутаттар келбей койгондугуна шаар тургундары нааразычылыгын билдиришти.
Шаардык Кеңештин төрагасы Толкун Камбаров, мэрдин элге отчетун актануу катары баалап, вице-мэр депутаттардын мэрдин отчеттук жыйынына катышпасын айтканын «Кабар ордого» билдирди.
Кадамжай шаардык кеңешинин депутаттарынын үчтөн экиси шаар мэри Асанбай Пазыловго ишенбөөчүлүк көрсөткөн. Депутаттардын чечими өкмөткө жиберилип, КРнын премьер-министринен жооп боло элек.
Шаар мэри Асанбай Пазылов, депутаттар ишенбөөчүлүк көрсөтүүнүн негизин так көрсөтпөгөнүн, мэрия өкүлдөрүн жыйындан чыгарып, маселе жабык эшик артында чечилгенин айтат.

Азамат Абсаттаров, атайын кабарчы

 

Нравится


IslamBratsk.RU
Форум сайта
Bratsk.Pochta.Kg
DoskaIrkutsk.Ru
DoskaBratsk.Ru
Do.kg



Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях:
Share

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Код безопасности *