Америкага сапар (фото)

el_kdm_001Сиз жакында Америка Кошмо Штаттарына атайын сапар менен барып келдиңиз. Кандай максат, кандай программа менен жана кимдин колдоосунда болду бул сапар?

Америкагажөн эле өз чөнтөгүмдүн колдоосу менен барып келдим. Кудай жалгап буга түрткү болгон шылтоо да табылып калды. Америкадагы “Кыргыз салам” аттуу коомун түптөп, жетектеген ишкер жигит Бакай Оморов баш болгон жаштар,Самара Сагынбаева атуу дилгир журналист кызыбыздын жардамы менен “Кыргыз – USA” деп аталган жаңы кыргыз тилиндеги журналдын алгачкы номерин даярдашып, Бишкектен бастырышты. Ошол журналдын алгачкы көчүрмөлөрүн көтөрүп барып Вашингтондо, Кыргыз элчилигинде өткөн ачылыш аземине катыштым. Менин зыяратым Жаш ишкерлер ассоцияциясы уюштурган иш адамдарынын Америкага болгонсапарына да дал келип калды. Ошондуктан Вашингтондо өткөн “Kyrgyz American Convention”бизнес-мааракесине да катышып келдим. Вашингтон, Нью-Йорк, Чикаго шаарларын кыдырдым.

Адаттагыдай Американы көрүп келүү“хобби” максатым да бар болчу. Ал жактагы кыргыз мигранттарынын күндөлүк турмушу, көйгөйлөрү менен таанышууну да көздөп жүргөм.

Сүрөт автордуку

Сүрөт автордуку

                                                    Дагы сүрөттөр

Америка – мигранттар өлкөсү. Америкада жүргөн мекендештерибиздин башка өлкөлөрдө эмгектенип жүргөн кыргыздарга салыштырмалуу жашоо, иштөө шарттарында кандай айырмалар бар экендиги мени мурдатан эле өзгөчө кызыктырып келет болчу.

Ушул аттуу-баштуу кишилер, бизнесмендердин бир тобу АКШга барышы биздин өлкөнүн жетекчилеринин Кремль таңуулап жаткан Бажы биримдигине карай умтулуусу менен канчалык дал келет? Бул саясий-экономикалык жааттагы биздин туруктуу бир позициябыздын жоктугун көрсөтпөйбү?

Вашингтондо, Калифорнияда, Чикагодо кыргыз ишкерлеринин катышуусу менен өткөн бизнес-мааракелердин Бажы биримдигине түздөн-түз тийешеси деле жок. Ошондой болсо да сурооңузга жооп бере кетейин.

Мамлекетибиздин жетекчилеринин өзүмбилемдик ээн баштыгы менен Кыргыз өлкөсүн Бажы биримдигине кошуу демилгелери орунсуз. “Жол картасын” түзүп алып бул уюмга кирүүгө үгүттөп келе жатышат. Элден сурабай туруп “киребиз” деп саясий чечим кабыл алып алышкан. Бул жүрүштөр бир жактуу болуп жетекчилерибиздин сиз айткандай туруктуу позициялары жок экендигин көрсөтүп турат. Өкмөт Бажы биримдигине кирүүдөн баш тартсак эмне болот, кандай альтернативдик чечимдер бар, же жөн эле отурганыбыз оңбу деген багыттарды да иликтепкалыс иш алып барып, элге ачык маалымат берип турса жакшы болмок.

Менин жеке пикирим боюнча биз Бажы биримдигине кирүүдөн чечкиндүү түрдө баш тартышыбыз керек. Россия Курамы менен кандайдыр бир биримдикке кошулуу өтө кооптуу жана таптакыр пайдасыз.  Орустардан оомат качканына көп жыл болуп калды. Россия – улутчулдук жана коррупция каптап, өнөр жай тармагы дүйнөлүк атаандаштыктарга туруштук бере албай өчүп, адеп-ахлак жагынан да ичинен чирип бараткан,криминалдык-феодалдык деңгээлдеги башкаруу менен жашап келе жаткан курама мамлекет. Ооматы качканды ээрчибе деген эскиден калган ата-бабаларыбыздын сөзү бар.

АКШга болгон сапар сиз үчүн канчалык байсалдуу болду? Дегеним, бизкелечектеэкономикабыз алжактанэмнелердитартыпкелсекболчудай? Анынэкономикалыкбаалуулугуканчалык болот?

Чикаго шаарында бир жума болуп кыргыз жаштарынын күндөлүк турмушу менен кенен тааныштым. Андагы жаштарыбыздын Американы өздөштүрүп ээн-эркин окуп, иштеп жүргөндүгүн көрүп өзүмчө эле башым асманга жетти. Баары тең белгилүү ийгиликтерге жетишип, конкреттүү максаттар менен жашашат экен. Спирт ичимдиктерин же пиво ичип урду-кетти жүргөн эч кимди учураткан жокмун. Айрымдары ат-энелерин чакыртып Американы сүрө  кылдыртып чоң сый көрсөткөндөрүнө да күбө болдум.

Ойлоп калдым – биз Америкадан балдарыбыз аркылуу рационалдуу жашоонун жолдорун, натыйжалуу оокат кылуунун формуласын тартып келсек болчудай. Бизди келечекте иштин көзүн билген, башынан ысык-суукту өткөргөн тажрыйбалуу, илимдүү жаштар гана алга сүрөй алат.

Америкалык кыргыздардын жана башка континенттерден келген мигранттардын бала-бакырасын ээрчтитип алып, көчөлөрдө, эс алуу жайларында  каалагандай ээн-эркин жүрө билгендигин өзгөчө белгилеп кетким келет. Америка элине бирөөнү экинчиси “кара көчүк”, “чурка”, “урюк”, “кара”, “негр” деген же башка кычы сөздөр менен кемсинтүү сыяктуу көрүнүштөр таптакыр жат экен. Айттың – калдың балееге. Ошол жерден полиция кармап кетиши мүмкүн экен. Кайым  айтышып отурмай жок. Мигранттарды артынан түшүп келип бычак сайып өлтүрүп жазасыз басып кеткен скинхед-фашисттер жок. Адам укугунун бекем  сакталгандыгы, инсан кадыры өтө жогорку даражада баалануусу баардык жерлерден көрүнүп турат. Бирөө менен бирөөнүн иши жок. Эч ким сизге жаман көз караш менен карабайт экен.

Демек биз жаштарыбызды эмгектенүү үчүн эркин өлкөлөргө жөнөткөнүбүз дурус. Америкалыктар “биз силерди багып жатабыз” деген жапайы сөздөрдү айтып эч качан кыргыздарга доомат артышпайт.  Же биздин кыргыздар Америка бизди багып жатат деп айтышпайт. Анткени билишет – өз оокатын өз эмгеги менен таап жеп жүрүшөт. Алар деле ата-энелерине, бир туугандарына дайыма тапкан акчаларын төкпөй-чачпай жөнөтүп турушат. Болгондо да алардын жөнөткөн акчалары бир топ салмактуу.

Жыйынтыктап айтканда Американы биз өзүбүздун балдарыбыз үчүн турмуш мектеби катары пайдалана билсек болчудай экен деген тыянакка келдим. Америкалык кыргыздардын баардыгы бир — бири менен жалаң кыргызча сүйлөшүп жүргөндүктөрү өзгөчө көңүлүмдү көтөрдү. Дээрлик көпчүлүк кыргыздар англис тилин да жакшы өздөштүрүп алышыптыр – кыраатына келтирип сүйлөшөт экен. Көңүлүм ток болуп,эшик-төрлөрүн көрүп кайттым –коопсуз шарттарда жакшы жашашат экен. Негизгиси алар тажрыйба арттырып, кайтарда өздөрү менен кошо жаңы технологиялык жетишкендиктерди, жашоонун жакшы сапаттарын да жетелей келишет.

Сиз дайыма Батыштын технологиясын кыргыз экономикасына кийирип, же болбосо Батыштын технология жаатындагы жетишкендиктерин кыргыз экономикасынын өнүгушүнө пайдалануу боюнча аракет кылып келесиз. Айталы, бул багытта ким бизге көп жардам бере алат? Батышка ыктаган Түркия жардам бере алмакпы?

“Берген март эмес, алган март”. Бизге жардам берели деген калыс, түз ниеттеги таза өлкөлөр толтура – Жапония, Түркия, Батыш өлкөлөрү, Америка Кошмо Штаттары. Бирок алар келип биздин казанга аш салып бербейт. Биздин өнүгүшүбүз үчүн түрткү боло турган кеп-кеңештерин берип, тажрыйбалары менен бөлүшүүгө даяр. Биз өзүбүз ошол берешендикти туура түшүнүп, туура кабыл ала албай келебиз. Биздин көз караш – даяр оокатты күтмөй. Мектеп салып бер, мечит салып бер, кала берсе жеримди айдап арыгымды чаап бер деген даражага чейин жетип аша чаап кеткен жоруктарыбыз да жок эмес. Биз жардам күтүп отуруудан баш тартып, өзүбүз активдүү болуп ошол өнүккөн өлкөлөрдөн заманбап техникаларды, жабдыктарды, алар менен кошо алдыңкы технологияларды издеп жүрүп ылайыктуусун таап сатып алып келип, колдонуп өзүбүздүн өндүрүштү жөнгө салуу жолу менен жүрүп барганыбыз гана оң натыйжаларды берерине көзүм жетет. Башка жолу жок.

Сиздинушуларакеттериңизде мага сизжалгыздайсезилебересиз. Жесиздинпикирдештериңиз көппү? Булбагыттабиздинөкмөт же башы көрүнгөнсясатчы, ишкерлерэмнелердижасайалышмак? Кимдербулбагыттааздыр-көптүр аракетжасашууда?

Белгилүү даражада мен чындап эле көптөгөн дыйкандар менен кошо “жалгызмын”. Анткени айыл чарбасы колунда каражаты бар бай кишилерди көп кызыктырбаган тармак. Бийликтин көңүл кош мамилеси да балким ушуга байланыштуудур. Байлар, бийликтегилер баары тең “Бай байга жетсем дейт, бай кудайга жетсем дейт” ооруусуна чалдыгып калгандай сезилет. Айылдыктар бүтүндөй көйгөйлөрү менен көлөкөдө, унутта калгандай. Шайлоолор учурунда гана мен кыйынмын, депутат болот элем дегендер артисттерди ээрчитип айыл аралап калышат.

Ошол эле учурда биздин коомдогу көпчүлүк социалдык көйгөйлөр, чыңалүүлар, нараазычылыктар айылдардан башталып келе жатат – жумушсуздуктун айынан келип чыккан ички жана сырткы миграциялардын оош-кыйыштары, өкмөттүн айылдыктар менен замандын талаптарына төп келе турган мамиле түзүү системасынын жоктугу, айылдарыбызды каптап кеткен жакырчылык.

Көзү жеткен жетекчиге кыргыз айылы — түгөнбөс берекенин булагы. Айыл чарба өндүрүшүн заманбап денгээлде кайра калыбына келтирүү өтө актуалдуу бойдон калып келе жатат. Көзү жеткен саналуу ишкерлер, агробизнес адамдары суурулуп чыгып ийгиликтүү чарба жүргүзүп жакшы киреше табуунун жолдорун өздөштүрүп алышты. Төбөсү көрүнгөн саясатчылар болсо азырынча өздөрүн айылдардан алыс тутуп тоотпогондой мамиле кылып келе жатышат.Көпчүлүгү лицензия сата коюп, жасалма тендерден ута коюп, кызмат орундарын бөлүштүрө коюп, кирешелүү мамлекеттик ишканалардын канын соруп чоң-чоң акчаларды баса жыгылып калыш менен алек.

Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев гана бул багытта жаңы чыйыр салып, менчик, чакан машина-трактордук станцияларын ачып дыйкандар менен үзүрлүү мамиле кылыштын жаңы, ийгиликтүү формуласын тапты деп айта аламын. Бакыт мырза мындай иштин кирешесине эмес, элге карата болгон үзүрүнө кайыл келип иш тутуп жаткандыгын мен анык билемин. Дыйканчылыктын катаал түйшүктөрү менен бирге жомоктогудай таттуу кумары да бар – таза аба, кенен талаа, табияттын ажайып ажары, өз колуң менен жетиштирген мөмө-жемиш, эмгекчил карапайым кишилер менен болгон баарлашуулар, ар кандай кишиге табигый, өзгөчө канаат жана рахат тартуулайт. Атам раматылык көп айтчу эле – молдонун алкымынан дыйкандын чылгоосу адал — деп.

Айтыңызчы, Бажы биримдигине кирбей койсок эле биздин оокатыбыз өтпөй калабы? Айталы, газдыкымбатберишсиндейли, бирок биздеаларгаылайык башка дипломатия жокпу? Газ бирганаорустардабарбы? Булжагынансиздинпикиркандай?

Тескерисинче Бажы биримдиги деген тузакка илинбей калсак өз алдыбызча, каалагандай, эркиндиктин кучагында жашап өтө ширин оокат кылабыз. Ток этер мазмунун кайталап чечмелеп кетейин.

Бажы биримдиги деген бизге сырттан таңууланып келе жаткан “Жут”. Ага кирүүгө карата биздин азаматтар ойлоп тапкан “Жол картасы” сыяктуу  бакшылардын дубасындай болгон баш айландырмай сөздөрдүн сыры жөнөкөй эле. Бийликтеги арамза төбөлдөр орустар менен биргеликте кыргыз элинин түпкү байлыктарын рейдерлик жол менен басып алып түбөлүк талап-тоноонун жолун жанталашып издеп жатышат. Булардын алкымы чоң – Канттагы авиабаза, Кыргызгаз, артынан Манас, Ош аэропроттору, Телекомунникация бүт бойдон, Пирамида телеканалы жана башка стратегиялык байлыктар, Ысык-Көл сыяктуу кыргыз элинин ырыскыларына сугун артып турушат. Бул “комбайндар” түшүм чапканга даярданып чечкиндүү аракеттерди көрүп күн сайын ачыктан ачык басмачылык аркеттерин баштап жиберишти, негедир өтө шашылыш кыймылдарга өтүштү. Мындай аракеттер кыргыз элин чапкан менен тең.

Бийликтегилердин ниеттери түз болгон болсо 22  жылдын ичинде алда качан газ, күйүүчү майлардын сатып алуу булактарын, өлкөнүн экономикасынын тагдыр чечүүчү багыттарын диверсификациялап жөнгө салып койсо болмок. Орустар менен бизнестери бир болгондуктан мындай кадамдарга барбай келе жатышат. Орустарга тили кысык жагдайлары көп, чук этип каршы пикир айта алышпайт, сатылып бүтүшкөн.

Бажы биримдиги орустардын саясий-экономикалык проекти экендигин ар бир кыргыз билиши шарт. Бул долбоор кыргыздарды кайрадан колониалдык абалга кууп кириштин амалы экендигин да түшүнүшүбүз керек. Көзүңөрдү чоңураак ачкыла мекендештерим!

Эгер сиз өкмөт башчы болсоңуз (ушинтип эсептеп коёлучу), анда экономика жаатындагы биринчи кадамыңыз кандай болмок? Биз баарын эмнеден башташыбыз керек?

Өтө ыңгайсыз, өтө татаал суроо бердиңиз, балким артыкча суроо болуп калды. Бирок журналисттин суроосу — атылган ок, айла жок аны каршылаш керек, кылчактабай жооп берейин.

Алгач акылыма келген ой — “Сөөгү таза сөктүрбөйт, теги таза тептирбейт”. Мен ата-бабаларым сыяктуу чечкиндүү, өзүмдүн көзүм жеткен жаратмандык иштерди кылчактабай, токтоосуз иш жүзүнө ашыра баштайт элем. Кыргыз элимдин көз карандысыздыгын, эркиндигин көзүмдүн карегиндей сактоого, чыңдоого багытталган иш чараларды биринчи орунга коёр элем.

Адегенде өзгөчө белгилей кетейин – биз кезекти жаштарга, жаңы, таза муунга өткөрүп бере турган турган мезгил келди. Мен өзүмдү алардын арасында кеңешчи, сүрөөчү катары гана көрөмүн. Эми сөз учугун улай берели.

Калган бүт күч-кубатымды, тажрыйбаларымды экономиканы жандандырууга, чарбачылык иштерине – өндүрүштү өнүктүрүүгө багыштайт болчумун. Адамдардын эркиндигин арттыруунун негизинде жеке ишмердүүлүктү өнүктүрүүгө реалдуу шарттарды жаратуу, мыйзамдардын үстөмдүгүн орнотуу, коомчулук менен биргеликте Кыргыз мамлекеттүүлүгүнчыңдоого жана бирдиктүү Кыргыз атуулдугун түптөөнү өз алдыма, кыргыз элим менен биргеликте,  максат кылып коёт элем.

Көздөгөн максатка жетүүнүн жолдору:

  1. 1.    Кыргыз мамлекеттүүлүгүн чыңдоо:  Мамлекетти башкаруу системасынын жаңы, тунук, чакан, кудуреттүү жана туруктуу моделин калыптандыруу;   “ Ачык каалга” принцибин ишке ашыруу,  башкача айтканда, мамлекеттик кызматтарга адистерди тандоодо калыс, профессионал кадрлар комиссиясынын катышуусу менен баардык атуулдар үчүн тең, бирдей шартка, атаандаштыкка негизделген сынак системасы аркылуу гана кабыл алуу; Мамлекеттин адамдардын эркиндигине жана жеке турмушуна кийлигишүүсүн чектөө; Мамлекеттин негизги милдеттерин аткарган укук коргоо, сот жана жазалоо органдарын реформалоо аркылуу алардын ишмердүүлүгүн, адилеттүүлүгүн жана натыйжалуулугун күчөтүү; Баардык атуулдарды тең, калыс, натыйжалуу, жемиштүү тейлей билген кубаттууКыргыз мамлекетинин куралышын тездетүү.

 

  1. 2.    Бирдиктүү Кыргыз атуулдук улутун түптөө: Өнүккөн мамлекеттердин калыптанган заманбап салттарына, сыноодон өткөн тажрыйбаларына таянып, “бир өлкө — бир улут” (“one state — one nation”) деген концепцияны ишке ашыруу; Кыргыз тилин жалпы элдин жана этностор аралык өз-ара баарлашуу тили катары калыптандыруунун негизинде бирдиктүү Кыргыз атуулдук улутун түптөө үчүн баардык керектүү иш-чараларды аткаруу;Баардык этникалык топтордун окуучуларын бир калыпта окутуу программасынын алкагында адамгерчиликтүү, мекенчил, ыймандуу, сыпайы нукта тарбиялап өстүрүү; Активдүүлүк менен жоопкерчиликти жогорулатуу аркылуу мамлекет менен атуулдардын ортосундагы үзүрлүү түз мамилени күчөтүүгө алып келе турган ыңгайлуу шарттарды калыптандыруу.

 

  1. 3.    Либерал маркет экономикасын куруу:  Мамлекеттин экономикадагы эбегейсиз чоң ролун, өндүрүшчүлөрдүн, ишкерлердин, фермерлердин, соодагерлердин, айдоочулардын жана башка мээнеткеч адамдардын ишине кийлигишүүсүн кескин чектөө; Коррупциялык аракеттердин башаты болгон түйүндөрдүн, алгачкы шарттардын тамырын кыркуу, экономикалык эркиндикти өстүрүүгө багытталган мамлекеттик чараларды иш жүзүнө ашыруу:

— мамлекеттик мүлктөрдүн жеке менчик секторго трансформацияланышын мыйзамдарга ылайык жана адилетүү өтүшүн камсыз кылуу;

— финансылык чөйрөдө, эл аралык соода-сатыкта, чакан жана орто бизнес тармактарындагы мамлекеттин көзөмөлдөө укуктарын кыскартуу;

— бюджеттик ресурстарды топтоонун жана бөлүштүрүүнүн түйүндөрүн борбордон четтетип, жергиликтүү органдарга өткөрүп берүү;

— бизнести каттоо, көзөмөлдөө жана уруксат берүү укугуна ээлик кылган мамлекеттик кызматтарды  реформалоону чечкиндүү жүргүзүү;

— салык, социалдык камсыздандыруу системаларынын ийкемдүү жана адилеттүү эрежелерин түптөө;

— эл агартуу системасын түп-тамырынан бери өзгөртүп, окутуунун заманбаптехнологияларын, ыкмаларын колдонуу, жеке менчик мектептердин, жумушчу адистерди даярдоочу жана жогорку окуу жайларынын калыптанышына жол ачуу.

 

  1. 4.    Демократияны кеңейтүүнү жөнгө салуу жана адам укуктары:  Ар бир адамдын атуулдук милдеттерин жана укуктарын так аныктоо; Адам укуктарынын сакталышын, эркиндиктерин жана коопсуздугун эл аралык денгээлдеги калыптарга ылайык өнүктүрүү;Шайлоолордун тазалыгын кепилдеген туруктуу эрежелерди түптөө, электрондук добуш берүү системасын орнотуу, саясий күчтөрдүн бийликке акыйкаттуу шайлоо аркылуу гана келишин камсыз кылуу; Атуулдардын атаандаштыктын негизинде саясий ишмердүүлүккө катышуу укугун камсыздоого багытталган мыйзамдарды негиздөө:

— ар бир атуулдун саясатка катыша алуусун камсыз кылуу;

— атуулдардын саясатта өз ара атаандаш боло алуусун камсыз кылуу;

Атуулдардын чыгармачылык ой жүгүртүү жана өз пикирин эркин билдирүү мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу, интернетти эркин пайдалануусун камсыздоо;  Улууларды урматтоого, жетим-жесир, майыптарга өзгөчө көңүл буруп, укуктарын коргоо.

 

  1. 5.    Тең салмактуу,жөндүү тышкы саясаттыжүргүзүү: Кыргыз Республикасынын дүйнөдөгү баардык мамлекеттер менен достук, тең салмактуу кызматташтык  мамиледе болуусун камсыздоо; Тышкы саясаттын багыты, эл аралык мамилелердин өзөгү — Кыргыз мамлекетининички кызыкчылыктарынжактоо,  дайыма аларды кынтыксыз камсыз кылууну көздөө;Коңшу мамлекеттер менен достук мамилелерди чыңдап, регионалдык дипломатияны өрчүтүүгө өзгөчө басым жасап, натыйжалуулугун арттыруу;Журт тышында жүргөн атуулдардын коопсуздугун камсыздоого, кызыкчылыктарын коргоого багытталган эл аралык таасирдүү келишимдерди түзүү; Жаштардын өздөрү тандаган дүйнөдөгү алдыңкы саптагы окуу жайлардан билим алууга, эл аралык маанидеги мекемелерде, уюмдарда, мыкты өндүрүш ишканаларында иштөөгө умтулган аракеттерине көмөктөш болуу.

Кадрларды тандоодо жынысына, этностук тобуна, өңү-түсүнө, диний көз-караштарына, курагына, уруусуна, туулган жерине карата бөлбөй мамиле кылат элем,  жана эч кимге эч кандай чектөөлөр, өзгөчөлүктөр же артыкчылыктар ыйгарбай иш тутат болчумун.

Ушак-айыңдар аркылуу, кландык топтордун күчү менен, кара күчкө салып,  өз көмөчүнө күл тартууну башкы максат кылып көз боёмочулук менен мамлекет башкарууга чечкиндүү түрдө чоң чекит коё турган мезгил келди! Коррупцияга белчесинен баткан утурумдук, туруксуз бизнес-партиялардын, менчик партиялардын да доору бүттү. Буйурса кыргыз коому да чечкиндүү түрдө аларды кагып, четке чыгарып тарыхтын колуна тапшыра турган даражага жетти!

Кудайдын кулагы сүйүнсүн саясий мейкиндикте мен жалгыз эмесмин — мындай көз карашты, мамлекет башкарууну илимий нукка салып,салттуу эрежелердин негизинде жүргүзүүнү колдогон кишилердин катары күн сайын өсүп келе жатат. Санаалаш, пикирлеш жаштар, активдүү кишилер менен тыгыз байланыш түзүп келемин. Буюурса катарыбыз калың.

Жаңы муун — жаңы көз караш менен, жаркын, ынтымактуу, сапаттуу, таза жашоого кол созолу! Кошулгула бизге!

Суроолорду узаткан – журналист Жалил Сапаров

Манас Саматов, инженер-механик, техника илимдеринин кандидаты
manas.samatov@gmail.com

 

Нравится


IslamBratsk.RU
Форум сайта
Bratsk.Pochta.Kg
DoskaIrkutsk.Ru
DoskaBratsk.Ru
Do.kg



Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях:
Share

Читайте также:

1 комментарий

  1. Curtiskeymn:

    Есть такая услуга — добровольное медицинское обслуживание .
    Она предполагает, что пациент платит небольшую сумму за то, что ходит на прием целый год бесплатно.
    Однако соцопросы показали, что лишь 3% жителей Санкт-Петербурга знают о такой услуге.
    Почему так происходит?
    Потому что частным клиникам намного выгодней сдирать с людей деньги за каждое посещение.
    А если какой-нибудь сотрудник клиники попытается рассказать про добровольное медицинское обслуживание клиенту — это сулит ему увольнением.
    Эта информация уже вызвала кучу скандалов, сразу после того как информацию об этом рассекретил один возмущенный врач.
    Его уволили «по собственному желанию», после того, как он предложил ДМО своему пациенту.
    Самое удивительное, что официальные положения по ДМО находились в открытом доступе, просто натыкались на эту информацию единицы.
    Как отстоять свои права?
    О правилах предоставления такой услуги и обязанностях клиник можно узнать, сделав запрос в Яндексе: «добровольное медицинское обслуживание».
    Именно обслуживание, а не страхование.

    34j5c6h86

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Код безопасности *