Өзбекстанга чектеш Чек арадагы 17 үй-бүлө жарыксыз калган

el_kdm_001Өзбекстан менен  чектеш Кадамжай шаарына караштуу «автодром» участкасында 17 үй Өзбекстандын электр энергиясын пайдаланышат.
Бул тууралуу аталган участканын жашоочусу Ибрагимова Замира «Ош электро» ишканансынын өткөргөн жыйынында билдирди.
-Биздин участкадагы 17 кожолуктун жашоочулары Өзбекстан менен келишим түзүп, электр энергияны пайдаланабыз. Бирок, 5 мүнөт сайын жарык өчүрүлүп, жандырылып турат. Жылыткычтарда чайыбызды деле кайната албайбыз. Телевизор жандырарың менен 3-4 мүнөттө кайра жарык өчүрүлөт. Атайын кылгандай туюлат. Электр энергияга иштеткенибизден сырткары 500 сом үстүнө кошуп  төлөйбүз. Кыргызстандын жараны болгондон кийин бизге да көңүл бөлүнүп, жарыкты өзүбүздүн өлкөдөн пайдалангыбыз келет. Кыштын күнү жарыксыз жашап жатабыз. Кыргызстандан электр линияларын алып келүүгө 7 столба, 1 трансформатор  керек экен. Көбүрөөк каражат кетет дегендеринен, жок болгондон көрө деп Өзбекстандан пайдаланып жатабыз-дейт Замира Ибрагимова.
Бул участканын жашоочулары ар алты ай сайын Өзбекстан менен келишим түзүшүп турат. Бир жарым жыл мурда 18 миң сомго бир столбаны Өзбекстан тарап орнотуп берген.

Азамат Абсаттаров, атайын кабарчы

 

Нравится


IslamBratsk.RU
Форум сайта
Bratsk.Pochta.Kg
DoskaIrkutsk.Ru
DoskaBratsk.Ru
Do.kg



Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях:
Share

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Код безопасности *