Жаштардын коомубуздагы орду, учурдагы көйгөйлөрү жана аларды чечүү жолдору (фото)

el_kdm_001Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча 2013-жылдын 1-августуна карата республикадагы калктын саны 5 млн. 725 миң адамды түздү. Экономикалык жактан активдүү калктын саны 2 млн. 490,1 миң адам, экономикалык жактан активдүү эмес калктын саны 1 млн. 349,5 миң киши. Иш менен камсыз кылынган калк 2 млн. 277,7 миң адамды түзөт. Ал эми 3 млн. 448 мин адам жумуш менен камсыз эмес. Албетте бул сандын ичинде пенсионерлер, эмгекке жарамсыздар ж.б.у.с. категориядагы жарандар да бар. Бирок жумушсуздардын ичинен басымдуу бөлүгүн жаштар түзөөрү эч кимге сыр эмес.

Сүрөт Азамат Абсаттаровдуку

Сүрөт Азамат Абсаттаровдуку

Улуттук экономикабыздын чабалдыгы, жумушсуздук, бийликтин туу чокусуна чыккан коррупция, коомубуздун ашыкча саясатташкандыгы, регионалдык-улуттук-уруулук бөлүнүп-жарылуучулук, партиялык-уруулук башкаруу, саясий элитанын өз билемдиги сыяктуу көрүнүштөрдүн саны өсүүдө. Негизгиси мамлекеттик жаштар саясатынын жетиштүү формада болбогондугу, бүдөмүктүгү-жаштардын жашоодо өз ордун табуу аракеттерине бут тосуп, көрөңгөсү бийик жаштарды мамлекеттик башкарууга келүүсүнө тоскоолдуктарды жаратып, коомдук-саясий абалды курчутууга өбөлгө түзүүдө.

Жалпыга маалым болгондой, кандай гана, кайсы гана коом болбосун – анын кыймылдаткыч, негизги күчү -жаштар болуп эсептелинет. Бирок биздин өлкөдө – бийик, сулуу ураандарды таштап, чын-чынына келгенде жаш муундун өнүгүп-өсүшүнө жана чыныгы жоопкерчиликтүү жаран болуп жетилишине- мамлекет, өкмөт, өкмөттүн курамындагы профилдик мекеме тарабынан алгылыктуу иш-чаралар жасалбай, курулай маалыматты элге жарыяламай илдети адатка айланып бараткансыйт.

Эгемендүүлүк алгандан бери, мамлекет тарабынан жаштар саясатын ишке ашыруу максатында, тиешелүү укук-ченемдик  база түзүлүп, 2 улуттук программа ишке кирди. 2010-жылга чейин жаштар саясатын өнүктүрүү Концепциясы кабыл алынган, бирок булар да жарым-жартылай ишке ашып-ашпай соңуна чыкты. Бул этап бүткөндөн бери, мамлекеттик жаштар саясаты айдынында, калайык-калк маанилүү бир да жылышты байкай элек.

Кыргызстанда 28-жашка чейинки жаш муундун өкүлдөрү 31% түзөт. Жаштар — жумшак, ийкемдүү материал сыяктуу. Устат кандай калыптандырса, ошондой формада болот. Албетте устаттын ролу бул салыштыруу да мамлекетке тиешелүү. Бирок айтып кетчү нерсе – жаштардын ийкемдүүлүгүнөн бир гана мамлекет жана акыл-эстүү башчылар колдонбой, түрдүү экстремисттик көз караштагы диний агымдардын өкүлдөрү да пайдаланууга кызыкдар. Белгилей кетчү жагдай катары жаштарды түрдүү көз караштагы саясий күчтөр, түрдүү-түмөн бирикмелер, бейөкмөт уюмдар, диний уюмдар, айрым саясатчылар курал катары колдонуп келе жаткандыгы туурасында айтып кетүү туура болсо керек. Буга мисал катары, 2005 — 2010-жылдардагы окуяларды келтирсек болот. Коррупцияланган, кылмыштуу үй-бүлөлүк башкарууга каршы болуп айрым бир саясий күчтөр чыкса, аларга үндөш негизги күч, жаны талаптар менен ошол эле жаштар чыккан. Тилекке каршы, мамлекетибизди тоноп келген башчыларды үй-бүлөсү менен кубалоо жана бийлик алмашуу менен аяктаган революциялардан кийин, жаштардын орду мурдагыдай эле, эч өзгөрүүсүз калган.

Учурда менин көз карашымда негизги жаштардын көйгөйлөрү төмөндөгүдөй:

— КР «Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө» Мыйзамынын бар экендигине карабастан  так жана ишке ашчу мамлекеттик жаштар саясатынын бүдөмүктүгү.

— жаштарыбыздын баалуулуктарынын түрдүү көрүнүштөрдүн (баңгилик, сойкулук ж.б. социалдык девиациялар) айынан, башка коомдордогу жугуштуу адат-илдеттер менен алмашышы,

—   Жумушсуздук

— Билим берүү системасынын жетиштүү  эмес деңгеелде экендиги,

—  Жаш муундун ден-соолугуна олуттуу камкордуктун жоктугу

Албетте бул тизмени улап кетсе узаргандан узарат. Бирок жогорудагы белгиленген пункттарды киргизүү менен жаштар саясаты айдынында бирдиктүү мамлекеттик документ кабыл алынса, чечүү жолдору да көрүнүп калат. Азыркы учурда Кыргыз Республикасында жаш муундун тагдыры жана келечеги үчүн кандайдыр бир деңгеелде камкөргөн министрликтер жана мамлекеттик мекемелер бар, ал тургай атайын түзүлгөн Жаштар министрлиги да бар, бирок тилекке каршы алардын баары эле өзүлөрүнүн ишмердүүлүктөрүн жалпы бир стратегия боюнча жүргүзүшпөйт. Жалпы башкаруучу органдын, жаштар саясатын жөнгө салчу документ ар тараптуу иштелип чыгып, кабыл алынып, күчкө кирип иштемейинче – жаштардын көйгөйлөрү азыркыдай актуалдуу болуп кала бермекчи.

Буга улай, Кадамжай районубуздагы жаштардын көйгөйлөрү олуттуу экендигин моюнга алыш керек. Чектеш аймакта жайгашкан районубузда, айылдарында билим берүү аксап, социалдык кызматтарды көрсөтүү керектүү деңгеелде өнүккөн эмес. Жалпы жумушсуздук жаштарыбызды массалык миграцияга туштуктуруп, башка өлкөлөрдө өздөрүнүн ырыскысын табууга мажбурлайт. Диний экстремисттик топтордун бул аймакта алдуулугун эске алуу менен, бул жаатта тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан түшүндүрүү, алдын-алуу иштерин жүргүзүлүп туруусу абзел. Ошондой эле, спорт, чынден-соолуктуу үгүттөгөн иш-чаралардын аздыгы, учурдун талаптарына ылайык заманбап жаштар клубдарынын жоктугу да кыжаалатчылыкты арбытат. Жогоруда келтирилген көйгөйлөрдү чечүү – комплекстүү болуу менен биргеликте, жергиликтүү бийликтер тарабынан жөнгө салынышы керек.

Ал эми негизгиси –келечекти жаркын көргүбүз келсе–дилибизди, туюмубузду тазартып, жаштарга «чыныгы жаран» деген маанидеги мекенчил, жоопкерчиликтүү, элибиздин баалуулуктарын сыйлай билген жаңы атуулдун образын көрсөтөлү!

Мурзахалилов Авазбек

КРнын  Жогорку Кеңештеги  аппаратынын сектор башчысы.


IslamBratsk.RU
Форум сайта
Bratsk.Pochta.Kg
DoskaIrkutsk.Ru
DoskaBratsk.Ru
Do.kg



Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях:
Share

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Код безопасности *