Кадамжайдын суусуз жерлери токойго айланат

el_kdm_001Кадамжай районунун аймагына 360 га аянтка сөксөөл дарагынын уругу себилет.
Райондогу Үч-Коргон токой чарбасынын директору Темирбаев Абибилланын маалыматы боюнча бир топ иштер аткарылыптыр. Негизинен сөксөөл уругу Халмион, Алга, Кыргыз-Кыштак жана Актурпак айыл аймактарына эгилет. Буга чейин Кара-Жыгач токойчулугуна 10 гектар арча, Айдаркенге 5 гектар, Ак-Суу токойчулугуна 5 гектар арча, ал эми Ынтымак участкасына 10 гектар аянтка ит мурун эгилген. Жакынкы күндөрдө Үч-Коргон токой чарбасынын өздүк кирешесинин эсебинен муктаждыкка байланыштуу көчөттөрдү ташуу сыяктуу иштерди жүргүзүү үчүн Хундай-Портер жүк ташуучу автомашинасын сатып алуу ишке ашканы турат.
Белгилей кетсек, 2001-жылы ошол убактагы Токой агентигинин директорунун орун басары Бурханов Айткулдун жеке демилгеси менен Кадамжай районундагы Кожо-Кайыр өзөнүнө эксперементалдык түрдө 20,0 га аянтка Өзбекстандан алынган сөксөөл уругу себилип, натыйжасы жакшы болгон. Азыркы кезде бул аянтагы сөксөөл дарагынын бийиктиги 3 метрге жетип, 100-120 кг чейин сөксөөл уругун алып жатышат. Жыйналган урук жаңы 20 га жакын аянтка токой тилкелерин түзүүгө шарт түзөт.
Мындан тышкары Үч-Коргон токой чарбасына тиешелүү «Ынтымак» бөлүмүндө да 35 га жер аянтка түзүлүп, өнүмдүүлүгү жакшы. 2008-2009-жылдары Алга айыл өкмөтүндөгү эч нерсе өспөгөн, мал да жүрбөгөн жерлерге сөксөөл себилип, бүгүнкү күндө токойго айланууда.

Суусуз жерлер токойго айланат                                                                                Сүрөт автордуку

Сөксөөл-бийиктиги 4-5 метр келген, суусуз, кум-чөлдөрдө, негизинен ысык, аба ырайы татаал жер шартында өскөн токой дарагы.
Орто Азияда көбүнчө Казакстан, Туркменстан, Өзбекстанда табийгый токой массиви болот.
Сөксөөл токойлору негизинен чөл аянтынын көбөйүшүнө каршы негизги өсүмдүк. Ошону менен бирге токойсуз дың, кум, таш баскан жерлерди токой аянттарына айландыруу азыркы глобалдуу ыссык көтөрүлүп бараткан мезгилде, экологиялык балансты кармап турууга бирден-бир себеп болоорун адистер белгилешет.
-Сөксөөл дарагы негизги отун каражаты болгон көмүрдүн ордун басып, күйүмдүүлүгү жана таптуулугу боюнча көмүрдөн 5 % гана артта турат.
Шамалдын күчүнө бөгөт болуп, жер кыртышын эрозиядан жана нымдуулукту сактап турушу, сөксөөл дарагынын астында ар түрлүү өсүмдүктөрдүн өсүшүнө жана жаныбарлардын көбөйүшүнө шарт түзүп берет-дейт Абибилла Темирбаев.
Жалпы Кадамжай районунун аймагына 113 гектар жерге өздөштүрүлгөн.
Сөксөөл уругун төрт айыл округуна себүү жөнүндө, айыл округдун жашоочулары менен жолугушуу өткөрүшүп, анда ар бир айыл округуна 90 гектардан сөксөөл уругун себүү сүйлөшүлдү. Проектин ишке ашышына райондун акими Акрам Мадумаров, раймамадминистрацинын адиси Жаныш Курбанов, жакындан жардам беришкен Исмаил Арапов, С.Атажановдорду атасак болот.

«Эл жарчысы»

 

Нравится


IslamBratsk.RU
Форум сайта
Bratsk.Pochta.Kg
DoskaIrkutsk.Ru
DoskaBratsk.Ru
Do.kg



Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях:
Share

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Код безопасности *