А.К.Мадумаров, Кадамжай районунун акими: «Өнүгүүгө толук мүмкүнчүлүк бар» (фото)

el_kdm_001

Ушул жылдын өткөн 9 айында районубуздагы аткарылган иштер жөнүндө райондун акими А.К.Мадумаров менен маектештик.

-Акрам Камбаралиевич, маегибизди «Иштерман» жылында районубузда аткарылган иштерден баштасак. Бул жылы канча инвестиция тартылды жана кандай иштер аткарылды?

 
Аким менен маеке                                                                                   Сүрөт автордуку

-Быйылкы «Иштерман» жылын жакшы жыйынтыктайбыз десем болот. Себеби, быйылкы жылы Халмион айыл аймагындагы Токтогул атындагы орто мектебинде,  узуну 45 метр, туурасы 25 метрди түзгөн мини-футбол аянтчасы курулду. Аянтчанын курулушуна 1 млн.200 миң акча каражаты жумшалган. Бул аянтча жеке ишкер Халмион айылынын тургуну Мамажанов Тахирдин көмөгү менен курулду. Мындан тышкары жеке ишкерлер тарабынан Көтөрмө айыл аймагында жана Актурпак айыл аймагында кирпич чыгаруучу мини заводдор ишке кирди. Эми элибиз Ош, Кызыл-Кыяга барбай эле өзүбүздөн өндүрүлгөн кыштарды алышат. Жакында эле элеттик аялдардын күнүнө карата «Аялдар ишкердиги-өнүгүүгө өбөлгө» деген темада форум болуп өттү. «Аял-эне, аял-ишкер, аял-жар, пейли кенен бардыгына барабар»-деген  ураандын астында «Иштерман» жылында ишкер аялдардын аткарган иштери көрсөтүлдү. Мында Баткен облусунун Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорундагы жана Кызыл-Кыя шаарындагы ишкер аялдар чек арадагы Кадамжай районунундагы ишкер аялдардын аткарып жаткан иштери менен терең таанышып чыгышты. Алсак, Халмион айылындагы «Баяман баатыр базары». Бул базар Өзбекстан менен чектеш. 5 гектар жерге жайгашкан. Базарда 2 миңден ашык  адам жумуш менен камсыз болгон. Коңшу Өзбекстан, Тажикстан өлкөлөрү менен соода-сатык кылынат. Ушул эле айыл аймагында Кыргыз-Кытай биргелешкен «Ноогардан-Атуш» деген чоң базар ачылып, иштеп жатат.

Ал эми негизги максатыбыз болгон Кадамжай шаарыбызды көрктөндүрүүдө жана өнүктүрүүдө биз тараптан жана мэрия тарабынан бир топ аракеттер болуп жатат. Тактап айтканда, социалдык-маданий объектилер  курулуп жатат. Быйылкы жылы Кадамжай базарынын айланасы иретке келтирилди. Базардын үстү жагына жеке менчиктеги «Ала-Тоо» кафеси курулган. Жалпы алганда районубузга 9 ай ичинде 319 долбоор колго алынып, 319 млн. 31 миң сомдук инвестиция тартылды.

 

-Биздин райондогу бүгүнкү өнөр жай тармагындагы абал кандай?

-Жыл сайын Кадамжай районунун ички регионалдык продукциясынын дүң жыйымынын 30 пайызын өнөр жай ишканалары тарабынан өндүрүлгөн продукциялар түзөт. Аталган райондо өнөр жай ишканалары катары 4 ишкана өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келе жатат. Алар Кадамжай сурма, Айдаркен сымап комбинаттары жана Баткен газ чарба, Кан өнөр жай ишканалары. Мындан тышкары быйылкы жылы Актурпак жана Көтөрмө айыл аймактарында жеке менчиктеги эки кирпич чыгаруучу цехтер ишке кирди.

Баткен газ чарбасынын ишмердүүлүгү Өзбекстандан алынган газдын өлчөмүнөн көз каранды. Ал эми  Кан өнөр жай ишканасы иш жүзүндө 2006-жылдан бери токтоп турган ишканалардын катарына кирет. Анын токтоп турушунун негизги себеби, ички айланма каражаттардын жоктугу, 90 пайыз тетиктердин станоктордун эскилиги. Бул жайды ишке киргизүү багытында райондук жетекчилик тараптан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кредиттик ссуда сурап, бир канча жолу кайрылуу жасалган. Бирок, республикалык бюджеттин тартыштыгынан улам бул маселе колго алынбай келүүдө.

 

-Комбинаттардын абалы кандай? Мындай дегенибиз Кадамжай сурма комбинатынан жашырылган салыктар чыгып жатат-деген кептер тарады.

— 75 жылдан бери иштеп келе жаткан Кадамжай сурма комбинаты Союз убагында дүйнөдө алдыңкы орундагы ишканалардын катарында турган. Кадамжайдын сурмасы 1967-жылы Лондондогу Эл аралык  биржа тарабынан мыкты деп табылган. Учурда аны казакстандык инвесторлор пайдаланып, иштетип келишет.

Сентябрь айынын биринчи декадасында Кадамжайдагы сурма комбинатынын эмгекчилери айлык акыны көтөрүү талабы менен ишкана жетекчилигине кайрылышкан. Эгер ал аткарылбаса, массалык түрдө иш таштоо болоорун эскертишкен. Жумушчулар 7-9 миң сомдун тегерегинде айлык акы алышат. Бирок, комбинаттын жетекчилиги, ошол эле жуманын ичинде жумуштун деңгээлине жараша 10дон 20 пайызга чейин айлык акыларды көбөйткөн.

Бүгүнкү күндө Айдаркен сымап комбинаты ээлеген жери үчүн Айдаркен шаардык мэриясына 1 млн сомдон ашык салык төлөйт. Ушул эле учурда Кадамжай сурма комбинаты болгону 3700 сом салык төлөөрү аныкталган. Себеби, бул ишканага мамлекеттик акт №8 токтом менен 2004-жылы эски токтомдун негизинде берилген. Бул токтом мамлекеттик акционердик коомго тиешелүү берилген болчу. Бул мамлекеттик акт КРнын Жер кодексинин 5-беренесинин 1-бөлүмүн бузуу менен мөөнөтсүз пайдаланууга берилген. Комбинаттын отурукташкан жалпы аянты 428,88 гектарды түзөт. Бул жер салыгын туура төлөнүшү боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына арыз жөнөтүлгөн.

Ал эми Айдаркен сымап комбинаты стабилдүү иштеп келе жатат. Белгилеп кете турган болсом, Айдаркен сымап комбинатынын бүгүнкү күндөгү абалы бир топ жакшы. Айдаркен сымап комбинаты бир топ татаалдыктарга карабастан 2012-жылы 74,7 тн, же 300 млн 700 миң сомдук продукция өндүргөн.

Ал эми быйылкы жылга карата ишкана 75 тонна сымап өндүрүүнү божомолдоштурган. 9 айдын жыйынтыгы менен 55,3 тонна башкача айтканда 228 млн. сомдук сымап өндүргөн.

Жылдын жыйынтыгы менен божомол планды аткарууга буюрса, толук мүмкүнчүлүк бар. Бүгүнкү күндө сымаптын баасы 1 тоннасы 97,664 АКШ долларын же 4 млн 639 миң сомду түзүүдө. Азыркы мезгилде жумушчулардын саны 169 жумушчуга, эмгек акы 4320 сомго өскөн. Азыркы күндө жумушчулардын орточо айлык эмгек акысы 11523 сомду түзөт.

Келечекте Айдаркен комбинаты бир гана сымап иштетип чыгаруу менен чектелбестен алтын жана башка сейрек түстүү металлдарды кайрадан иштетүүгө багытталышы күтүлүүдө.

 

үргөндү өрөөнүн экинчи этабын өздөштүрүү процесси кандай жүрүп жатат?

-Келечекте бул жайга 6 миң кожолук элибиз олтурукташат. Бүгүнкү күндө 24 км аралыкта Өзбекстандын Риштан району менен чектешип турган жерибиз бар. 1600 кожолукка 500 гектар аянттын башкы планын түзүп, 2 миллион сомдук долбоор Курулуш агенттигинин Оштогу КНИИП аркылуу даярдалган. Андан сырткары бул Бүргөндү өрөөнүн толугу менен өздөштүрүүгө 6 млн. сом Өкмөттөн сурап жатабыз. Буюрса ишке ашып калса, ошондо 6 миң кожолук үй-жай менен камсыз болушат. Мындай иштерди жүргүзүү менен эң негизгиси чек арабыз бекемделет.

Мындан сырткары бул аймакта газ, нефт сыяктуу кен байлыктарыбыз бар. Эгерде делимитация, деморкация иштери бүтсө эле, бул жерлер толугу менен биздин карамагыбызга өтөт. Актурпак айыл аймагы районубуздагы эң чоң айыл аймактарынын бири. Жери кенен бул өрөөндө Тажикстан менен Өзбекстандан көчүп келген кыргыздар, Чоң Алайдан келишкен жүздөн ашык үй бүлөлөр жана областыбыздын тоолуу аймактарынан келгендер жашашат. Айыл аймагындагы 8200 калк 10 жыл ичинде 14000 ге чейин жеткен. Жаңы өздөштүрүлүп жаткан жерге элдин агып келүүсү улам көбөйүүдө. Себеби, шарты жакшы, жери кенен суулуу жерлер.

 

-Шамбесай алтын кенинин айланасындагы чыр-чатактардын себеби эмнеде? Эмне үчүн эл алтынды иштеткенге каршы болушууда?

-Негизинен бүгүнкү күндөгү кен маселелери эл ичинде эң актуалдуу болуп калды. Атап айтсам, «Кумтөр», «Шамбесай» алтын кендери. Бирок, биздин Майдан айыл аймагындагы «Шамбесай» кени, «Кумтөрдүн» алдында эң эле кичинекей долбоор. Буга карабай кээ бир атуулдардын нараазычылыгы бар. Негизги эле себеби, экологияга терс таасир берет деген тыянак  же артында турган кээ бир күчтөрдүн таасиринен улам болушу мүмкүн. Бирок, канткен күндө да кен иштетүү иштери жергиликтүү калктын макулдугу менен гана ишке ашат. Бул кенди казып алуу үчүн 3-4 жылдан бери Автралиялык-тардын «Z-EXPLORER» компаниясы чалгындоо (мониторинг) иштерин жүргүзүп келатат. «Z-Explorer» компаниясы азыркы учурдагы жана келечек муундардын алдындагы айлана-чөйрөнү сактоо, коргоо жана жакшыртуу жоопкерчилигин өзнө алып, Кыргыз Республикасынын мыйзамда-рында көрсөтүлгөн эрежелер боюнча реабилитацияланат.

«Z-EXPLORER» компаниясы жергиликтүү калк менен тыгыз иштешип, жаңы жумуш орундарын ачып, калкты жумуш менен камсыз кылууга чоң салымын кошот. Тактап айтканда, компания Шамбесай кенинде 200-300 адамды жумуш менен камсыз кылат. Ушундай жумуш орундарын түзүп берип, айылдын социалдык көйгөйлөрүн чечип, калктын калың катмары менен тыгыз байланышта иш алып барган компанияны колдон чыгарбай пайдаланып калсак дагы жакшы болот. Мындан тышкары, бул компаниянын артынан Майдан айыл аймагынын эсебине канчалаган кирешелер келет.

Башка салыктардан тышкары, компания кен өндүрүү ишинин бардык этаптарында көрүлгөн пайданын 2 пайызын төлөй баштайт. Алдын-ала эсептөөлөргө таянсак, долбоор бүтөөр-бүткүчө Майдан айыл округунун бюджетине 50 миллион сом келип түшөт. Ушуну менен, Майдан айыл округунун бир жылдык бюджети 15-20 эсеге көбөйөт деп айтсак болот. Ал эми чөлкөмдү өнүктүрүү фондуна 200 миллион сом төлөнмөкчү. Ушул акча каражаттарын туура пайдаланып, айылдарыбыздын инфраструктурасын өркүндөтүүгө шарт түзүлөт.

 

-Кадамжай районуна жаңы аким болуп шайланганызда бир катар олуттуу программалар жөнүндө сөз кылдыңыз эле. Аларды жүзөгө ашырууда кандай кыйынчылыктар  болуп жатат?

-Албетте, ар кандай жумуш оңой эле чечиле бербейт. Ал үчүн чымырканып иштөө талап кылынат. Мен аким болуп келгениме аз убакыт болсо да, өзүм койгон программалардын орчундуусу болгон билим берүү тармагына, башкача айтканда мектептердин окуучуларын толук окуу китептери менен камсыз кылуу жана билим берүүнүн деңгээлин жакшыртуу. Бул үчүн райондогу бардык аймактардын мектептеринин абалы менен таанышып чыгууга туура келди. Бүгүнкү күндө мектептерде окуу куралы жетишпейт. Ошондуктан быйылкы жаңы окуу жылына карата 1 млн.400 миң сомдук, миңдеген окуу китептери алып келинип, базар баасынан бир топ арзан баада мектептерге өткөрүп берип жатабыз. Быйылга жалпысынан мектептердеги окуу китептери менен камсыз болуу 85 пайызга чыкты. Буга чейин 60 пайызды түзгөн. Буюрса, эмки жаңы окуу жылына 100 пайызга камсыз кылабыз деген ойдомун.

Мындан тышкары Айдаркенге кыздар лицейи ачылар алдында турат. Бул боюнча Себат эл аралык уюмунун президенти Орхан Инанды менен сүйлөшүүлөр жүрүп, жакында өзү келип таанышып кетти. Жалпылап айтканда район боюнча 82 мектеп, 14 балдар бакчасы бар. Жетекчиликке келгенден тартып, ар бир айыл аймагында жок дегенде бирден балдар бакчасы болуш керек-деген демилгени көтөрүп, бүгүнкү күндө районубузда 6 бала бакчасы кошулду. Аларды каржылоо жагы да чечилди. Буюрса, жаңы жылга чейин калктуу Көтөрмө, Орозбеков айыл аймактарында  балдар бакчасынын ачылуусу пландаштырылууда. Мындан тышкары саламаттыкты сактоо тармагын жакшыртуу үстүндө бир топ иштер аткарылды. Айрыкча, бүгүнкү күндө жаңыдан курулуп жаткан аймактык оорукананын жаңы имараты негизги көйгөйүбүз. Жалпы суммасы 360 млн. сомду түзгөн оорукананын курулушунун бир корпусу бүтөр алдында турат. Бирок, өлкөбүздөгү бюджеттин тартыштыгынан улам, курулуш иштери кичине солгундап турат.  Буга карабай курулуштун тез бүтүүсүнө, биз бардык күч аракетибизди жумшап жатабыз.

Маектешкен,

Асылбек Тажибав, «Эл жарчысы»


IslamBratsk.RU
Форум сайта
Bratsk.Pochta.Kg
DoskaIrkutsk.Ru
DoskaBratsk.Ru
Do.kg



Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях:
Share

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Код безопасности *