Комбинат карызга баттыбы?

el_kdm_001Кадамжайдагы сурма комбинатынын кызматкерлери айлык акыны көтөрүү талабы менен ишкана жетекчилигине кайрылышкан. Эгер талаптары аткарылбаса массалык түрдө иш таштоо болоорун эскерткен болчу. Казак инвесторлору миллиондогон пайда таап, жумушчуларга 7-9 миң сом тегерегинде гана маяна берип келишкен.

Кызматкерлердин нараазычылыгынан соң, ишкана жетекчилиги айлыкты 10 пайызга көтөрүп берүүгө убада бериптир.

Бул иш басылды деп эле турсак, комбинаттын мыйзамсыз аракеттери дайын болду. Сурма комбинаты 2005-жылдан 2012-жылга чейинки аралыкта жер салыгын туура эмес төлөп келген. Бул тууралуу Кадамжай шаардык Кеңешинен билдиришти. Жер салыгы тууралуу бир канча мыйзам бузуулар аныкталган. Кадамжай шааарынын депутаттары КРнын Жогорку сотуна, Жогорку Кеңешке, КРнын  Башкы Прокуратурасына кат менен кайрылышты.

-Сурма комбинат 2005-жылы Курманбек Бакиевдин уруксаты менен Казакстандык компанияга 2 млн долларга сатылган. Мыйзам боюнча комбинат казак инвесторлорунун менчиги. Миллиондогон киреше таап жатышат. Бирок, электр энергияга, соц.фондко көп суммада карыз. Жумушчулар 7-8 миң сом айлык акы алышат. Ушундай эле Айдаркен сымап комбинатынын жумушчулары 30 миң сомго жеткиришип айлык алышат экен.

2013-жылдын 5 ай ичинде 501,7 тонна же 265 млн 305 миң сом сурма жана сурма кошулмаларын өндүргөн. Бүгүнкү күндө дүйнөлүк рынокто 1 тонна сурманын баасы 8 миң 700 АКШ доллары. Ушундан эле казак инвесторлору  канчалык деңгээлде пайда алып жаткандыгы байкалып турат.

75 жылдан бери иштеп келе жаткан Кадамжай сурма комбинаты Союз убагында дүйнөдө алдыңкы орундагы ишканалардын катарында турган. Кадамжайдын сурмасы 1967-жылы Лондондогу Эл аралык биржа тарабынан мыкты деп табылган.  Дүңгүрөп иштеген комбинат, ошол кезде район калкын жумуш менен камсыздап, Ош областы боюнча социалдык маселелерди чечип турган. Бүгүнкү күндө сурма комбинаттын абалы жүрөк өйүтүп турат.

 

«Эл жарчысы»

 

Нравится


IslamBratsk.RU
Форум сайта
Bratsk.Pochta.Kg
DoskaIrkutsk.Ru
DoskaBratsk.Ru
Do.kg



Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях:
Share

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Код безопасности *