Өз өмүрүн кыйган жаштарга кандай чара көрөбүз?

el_kdm_001Жылдан жылга жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулук күч алып бараткандай. Жашы жете электердин кылмышка тартулуусунун негизги себеби катары, жашоо айынан чет жактарга агылган ата-энелер. Ата-эненин көзөмөлүсүз  жүргөн бала, караары жок, каалаганын кылганга өтөт эмеспи. Бүгүнкү күндө ал гана эмес, өз өмүрүнө кол салгандар көбөйдү. Өткөн жылы Кадамжай районунда 9 өспүрүм өз өмүрүнө кол салган. Алардын ичинен 3 окуучу Айдаркен шаарындагы №20 Маканов орто мектебинин окуучулары. Өз өмүрүнө кол салгандардын басымдуу бөлүгүнүн ата-энелери чет жактарда мигрант болуп жүргөндөр. ЖЖӨИнын (ИДН) инпекторлорунун айтымында, өз өмүрүнө кол салган өспүрүмдөрдүн  көбү кыздар. Мода, сүйүү, жетишпестик сыяктуу шылтоо менен жандарын кыйышкан.

Кадамжай районунун аймагында 2012-жылы 9, ушул жылдын 8 ай аралыгында 2 өспүрүм өз жандарын кыйышты. Биз ар бир мектепке барып түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Райондо 68453 өспүрүм бар. 8 ай ичинде 4 окуучуга уурулук, 2 окуучуга тоноочулук, 1 окуучуга бейбаштык боюнча кылмыш иши козголгон. Биз жакында «Подросток» аталышындагы операция өткөрдүк. Анда соода-сатыкка тартылган балдарды кармадык. Алардын көбү спирттик ичимдиктерди сатышат. 44 кармалган өспүрүмдөргө эскертүүлөр берилди-дейт райондук ЖЖӨИнын башчысы Замирбек Камалов.

Чындыгында акчага азгырылган өспүрүмдөрдүн спирттик ичимдиктерди сатып жатышы, эртең анын ичкиликсиз жашоо кечирет-деп эч ким кепилдик бере албайт. Бир гана акча деген идеология жүрүп жаткан заманда, келечек ээлерине туура багыт берүү ар бирибиздин милдетибиз.

Азамат Абсаттаров, атайын кабарчы

 

Нравится


IslamBratsk.RU
Форум сайта
Bratsk.Pochta.Kg
DoskaIrkutsk.Ru
DoskaBratsk.Ru
Do.kg



Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях:
Share

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Код безопасности *