Билим алуу мүмкүнчүлүгү жогорулайт

el_kdm_0012012-2013-окуу жылында  жалпы мектептин саны — 81, окуучулардын саны — 33275,   класс комплектилердин саны — 1509 болду.

Ал эми 1-класска кирген окуучулардын саны -3206. 1-4-класстар үчүн 79 мектепте 12552 окуучуга ысык тамак уюштурулган. Райондук билим берүү бөлүмүндө борборлоштурулган эсепкана ачылгандыгына байланыштуу, 29-августта 1-4-класстын окуучуларына ысык тамак берүү боюнча тендер өткөрүлдү.

2012-2013-окуу жылында  77 бала жекече окутууга тартылган. Алар негизинен мүмкүнчүлүгү чектелген балдар болуп, көбүнесе үй шартында окутулду.

№17 А.Масалиев атындагы орто мектебинде — 11 окуучу, Б.Айтматов атындагы гимназия мектебинде  -7 окуучу, «Ынтымак» орто мектебинде- 2 окуучу, Козубай атындагы орто мектебинде -3 окуучу жекече окууга тартылган.

КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин 2011-жылдын 6-январындагы №13-1 буйругуна ылайык аз комплектилүү мектептерди бекитүү, окуучулары аз класстарды кошуп оптималдаштыруунун  негизинде Марказ айыл аймагындагы Т.Балкыев атындагы 40 окуучу окуган башталгыч  мектеби жабылып, ал К.Сатаров атындагы орто мектебинин филиалы болуп калды.

Үстүбүздөгү окуу жылында  240 сааттык программа боюнча 79 мектепте 2720 окуучуга билим берилди. Окуу  1-марттан 10-июнга чейин жүргүзүлдү. Бул балдар бакчаларына барбаган балдар үчүн өтө пайдалуу болууда. ЮНИСЕФ тарабынан мугалимдерге методикалык колдонмолор, балдар үчүн парта, дидактикалык материалдар берилди.

Райондо мугалимдердин саны — 2619. Алар тарабынан  Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги бекиткен окуу планынын негизинде окуу-тарбия иштери  жүргүзүлүүдө.

Базистик окуу планы 2013-жылы 180 саатка кыскарып кеткен. Бирок буга карабай мектепте мугалимдердин саны толукталууда. Ал эми жетишпеген кадрдын саны — 65. «Жаш мугалимдердин депозити» программасы боюнча  2009- 2011-окуу жылында иштеген 27 мугалим (анын ичинен 17 мугалим үзгүлтүксүз иштеген) бүгүнкү күнгө чейин акчаларын алыша элек. 2011-жылдан «Депозит» программасы токтотулган.

2012-2013-окуу жылында 93 аталыштагы 144838 даана окуу китеби Баткен шаарынан, 7 аталышта 2234 даана окуу китеби Ош шаарынан алынып келинген. Окуу китептеринин Бишкекте басмаканадан чыгуусу улантылууда.          Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Мадумаровдун жетекчилиги менен 1-класс үчүн ар бири 2000 (эки миң) даанадан турган китептер  базар баасынан арзан баада алып келинди.

Алар:

—   Алиппе

—  Русский язык

—  Жазуу 1, жазуу 2

—  Мекен таануу китептери болуп саналат.

Мега билим борбору тарабынан 7 даана Козубай орто мектебине жана 7 даана «Орозбековдун 120 жылдыгы» орто мектебине, Билим берүү министрлиги тарабынан  4 даана «Айрыбаз» орто мектебине компьютер берилген.

Быйылкы окуу жылында француз тили, өзбек, немец тилинен, адам жана коомдон республикалык олимпиада өткөрүлбөгөнүнө карабай Кадамжай шаарындагы Семетей кыргыз-түрк лицейинен — 8 окуучу республикалык олимпиадага катыштып, байгелүү орунга ээ болушту.

2012-2013-окуу жылында  1784 бүтүрүүчү Жалпы Республикалык Тестке катышты.  Май айында каттоо дагы жүргүзүлүп, ага 76 окуучу катталган. Жалпы республикалык тесттен Семетей кыргыз-түрк лицейинин окуучусу Б.Акматов  228 балл алып,  Алтын сертификатты Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин колунан алды. Ошондой эле райондогу №20 О.Маканов атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү Токтосунова Аделинага жана 160 баллдан жогору балл алган 6 окуучуга Кадамжай райондук мамлекеттик администрация-сынын башчысы — акимдин  акчалай сыйлыгы тапшырылган.

КРнын «Билим берүүнү өнүктүрүү» мамлекеттик программасын турмушка ашыруу максатында өзгөчө муктаждыктагы балдар үчүн негизги сапаттуу билим алуунун мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу жана иш жүргүзүү максатында  райондун 5 мектебинде инклюзивдик окутуу жүргүзүлөт.

Райондук билим берүү бөлүмүндөгү эң жакшы жетишкендиктердин бири болуп,  А.Анаркулов атындагы күндүзгү сырттан окуу мектеби «Охна» гимназия мектебинин базасында ачылды. Анда  107 окуучу окуп, 76 окуучу аттестат алды.

Ал эми 2012-2013-окуу жылында райондун 2670 бүтүрүүчүсүнө жетилүү аттестаты берилди. Райондук билим берүү мекемелери тарабынан мектептердин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында 45314388 сомдук инвестиция тартылган. «Өрүк-Зар», А.Төралиев, Токтогул атындагы орто мектептери 1млн. сомдон ашык инвестиция тартышып, мектептин материалдык-техникалык базасын жогорку деңгээлде толукташты. Көксал Топтан, Жаныбеков жана Токтогул атындагы орто мектептеринде айыл аймактарынын башчыларынын жана жеке ишкер демөөрчүлөрдүн жардамы менен жасалма кичи футбол аянтчалары курулган.

Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу Б.Айтматов, «Охна», Молдо Нияз атындагы  гимназия мектептери, №17 А.Масалиев, С.Тешеев, Козубай, О.Маканов, №19 Б.Садыков, Д.Сыдыков, Б.Примов  атындагы орто мектептеринде окуу-тарбия иштери жогорку денгээлде жүргүзүлүп жатат.

«Эл жарчысы»

 

Нравится


IslamBratsk.RU
Форум сайта
Bratsk.Pochta.Kg
DoskaIrkutsk.Ru
DoskaBratsk.Ru
Do.kg



Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях:
Share

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Код безопасности *