Дүйнөлүк эстафета катышуучулары Кадамжайдан өттү

el_kdm_001Бүгүн, 9-сентябрда «Бүткүл дүйнөлүк чуркоо гармониясы-2013» аталышындагы эстафетасы Баткен облусунун Кадамжай район аймагын басып өттү. Кадамжай шаарына кире беришинде мектеп окуучулары «Кыргызстан, алга!» деген чакырыктар менен күтүп алышты. Спортчулар райондук администрация алдында эл менен жолугушуп, эстафетанын максаты дүйнө элиндеги тынчтык үчүн, эл аралык байланышты чыңдоо, жарандарды физикалык чың ден соолукка тарбиялоо экенин белгилеп өтүштү.

Белгилей кетсек, эстафета 5-сентябрда Тажикстандын Дүйшөмбү шаарынан старт алган. Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Кытай өлкөлөрүнөн спортчулар катышууда. Эстафета Кытай Эл республикасынын Үрүмчү шаарында жыйынтыкталат.

Азамат Абсаттаров, атайын кабарчы

 

Нравится


IslamBratsk.RU
Форум сайта
Bratsk.Pochta.Kg
DoskaIrkutsk.Ru
DoskaBratsk.Ru
Do.kg



Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях:
Share

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Код безопасности *